Башкы барак

Урматтуу достор, ушуну менен Kyrgyz Translate Кыш 2016 акциябыздын жыйынтыгы чыкты.
Зор салым жаралыптыр! Азаматтарсыңар!
Азырынча убактылуу акция өткөзүлбөйт. Бирок муну менен токтоп калбайбыз.
Дагы мүмкүнчүлүк таап, акцияларыбызды уланта беребиз.
Кыргыз тилин Google Translate кызматына киргизүүгө зор салым кошкон баардык Kyrgyz Translate акцияларынын катышуучуларына ЗОР АЛКЫШ!


КЫШ 2016 АКЦИЯСЫНЫН БАЙГЕ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ

https://www.facebook.com/media/set/?set=oa.1079960058713146&type=1
Урматтуу катышуучулар, 7-апрель күнү Кыргыз-Түрк Манас университетинде Кыш 2016 акциясынын жеңүүчүлөрүнө арналган байге тапшыруу аземи болуп өттү. Аземге келген жеңүүчүлөрүбүзгө белектер тапшырылып жана атайын "Google Translate Community" сертификаты ыйгарылды. 

Акцияда жигердүү салым кылган бардык катышуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!

Аземдин толук фотобаяны бул жерде.







18-ФЕВРАЛЬ. КЫРГЫЗ ТИЛИ GOOGLE TRANSLATE КЫЗМАТЫНДА
Урматтуу Kyrgyz Translate долбоорунун катышуучулары, 2016-жылдын 18-февралында кыргыз тили расмий түрдө Google Translate кызматына кошулду. Бул тууралуу Google'дун расмий блогунда кенен жазылган. Ал күнү кыргыз тили бирге башка дагы 12 тил кошулган.

Бул долбоорго 2014-жылдан баштап салым кошуп келе жаткан бардык катышуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!



КҮЗГҮ АКЦИЯНЫН БАЙГЕ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ

https://www.facebook.com/media/set/?set=oa.983034948405658&type=1Урматтуу катышуучулар, 13-ноябрь күнү, Улуттук китепканада күзгү акциянын жана марафондун жеңүүчүлөрүнө арналган байге тапшыруу аземи болуп өттү. Аземге келген жеңүүчүлөрүбүзгө белектер тапшырылып жана атайын "Google Translate Community" сертификаты ыйгарылды. 
Күзгү акцияда жана Кыргыз тил күнүнө арналган марафондо салым кошкон бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!
Фотобаянды толугу менен көрүү үчүн бул баракка өтүңүз.

 



ЖАЙКЫ АКЦИЯНЫН БАЙГЕ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ

https://www.facebook.com/media/set/?set=oa.946520492057104&type=1
Урматтуу катышуучулар, 31-август күнү саат 12:00до "Бублик" кафесинде жайкы акциянын жеңүүчүлөрүнө арналган байге тапшыруу аземи болуп өттү. Аземге келген жеңүүчүлөрүбүзгө белектер тапшырылып жана атайын "Google Translate Community" сертификаты ыйгарылды. Толук фоторепортаж бул жерде
Баш байгени алган жайкы акциянын жеңүүчүсү - Шерматов Бекчоро атуулубуз Google Nexus 9 планшетине ээ болду. Экинчи орунда жайгашкан Капашев Эрлан 25 721 котормосу менен Canon EOS 1200 D күзгүлүү фотоаппаратын утуп алса, андан анча аз эмес котормо кылган (24 922) Нурмаматов Улан Google Motorola Moto G (2nd Gen.) смартфонун утуп алды.

Бул акцияда салым кошкон бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!





GOOGLE I/O CHALLENGE ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Урматтуу достор, 26-майдан 6-июнга чейин Google I/O Challenge эл аралык мелдеши өткөн. Бул мелдеште биздин катышуучулар 10 күн бою талыкпай эмгек кылып, жакшы натыйжа көрсөтүштү. Google Translate кызматына кире элек тилдердин арасынан, кыргыз тили бул мелдеште биринчи орунду алганы абдан кубандырат.
Биздин катышуучуларга дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирип, ар бирин чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Мелдеш тууралуу кененирээк Google Translate блогунан окусаңыз болот.
http://googletranslate.blogspot.com/2015/06/improving-google-translate-during-io.html



КЫШКЫ АКЦИЯНЫН БАЙГЕ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ

19-мартта кышкы акциянын жеңүүчүлөрүнө байге тапшыруу аземи болду. Бул иш чарага акциянын жеңүүчүлөрү, уюштуруучулары, Манас универститетинин акцияга өз салымын кошуп келе жаткан мугалимдери жана студенттери катышышты. Жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылып,  жигердүү салым кошкон, активдүү катышуучуларыбызга Google компаниясынан атайын сертификаттар берилди.
Иш чаранын башында, доц. докт. Таалайбек Абдиев агайдын "Котормонун айрым актуалдуу маселелери" ачык лекциясы болуп өттү. Бул лекцияда которууда көп кездешкен маселелер талкууланды.
Бул акцияга активдүү катышып, кыргыз тилинин өнүгүшүнө түздөн-түз салып кошкон атуулдарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!
https://www.facebook.com/media/set/?set=oa.868273266548494&type=1



Жаңылыктар

  • Кыш 2016 акциясынын байге тапшыруу аземи Урматтуу катышуучулар, 7-апрель күнү Кыргыз-Түрк Манас университетинде Кыш 2016 акциясынын жеңүүчүлөрүнө арналган байге тапшыруу аземи болуп өттү. Аземге келген жеңүүчүлөрүбүзгө белектер тапшырылып жана атайын "Google Translate Community" сертификаты ыйгарылды. Акцияда жигердүү салым кылган бардык катышуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!Аземдин толук фотобаяны бул жерде.
    Отправлено 15 апр. 2016 г., 2:32 пользователем Kairat Zamirbekov
  • Кыш 2016 акциясынын жеңүүчүлөрү Урматтуу акциянын жеңүүчүлөрү, жигердүү салым кошконуңуздар үчүн алкыш айтабыз жана бейшемби күнү өтө турчу байге тапшыруу аземине чакырабыз!Байге тапшыруу аземи бейшемби (7-апрель) күнү Кыргыз-Түрк Манас университетинин башкы корпусунун жыйындар залында өтмөкчү. Келип, өз белегиңизди алып кетиңиз (белектерди алуу мөөнөтү 20-апрелге чейин).БАЙГЕ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ:Өтө турган күн: 7-апрель (бейшемби)Өтө турган жер: Кыргыз-Түрк Манас университетинин жыйындар залы (1-кабат). Ч. Айтматов проспектиси 56. Башталышы:17:00Аягы: 18:00Кирүү: баарына ачык (каалаган күбөлүндүрмө документ ала келүү керектелет)Жеңүүчүлөрдүн тизмегин толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.
    Отправлено 5 апр. 2016 г., 0:51 пользователем Kairat Zamirbekov
  • Кыш 2016 акциясынын жалпы статистикасы Урматтуу Кыш 2016 акциясынын катышуучулары, ушуну менен Kyrgyz Translate Кыш 2016 акциябыздын жыйынтыгы чыкты.Зор салым жаралыптыр! Азаматтарсыңар! Азырынча убактылуу акция өткөзүлбөйт. Бирок муну менен токтоп калбайбыз.Дагы мүмкүнчүлүк таап, акцияларыбызды уланта беребиз.Кыргыз тилин Google Translate кызматына киргизүүгө зор салым кошкон баардык Kyrgyz Translate акцияларына катышуучуларына ЗОР АЛКЫШ!Статистиканы толугу менен көрүү.
    Отправлено 24 мар. 2016 г., 23:58 пользователем Kairat Zamirbekov
Показать сообщения: 1 - 3 из 33. Дополнительно »

Бөлүшүү

Comments